Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде бир нече жылдан бери “Жаш талант” адабий ийрими иштейт. Ийрим ар окуу жылынын башында таланттуу балдардан түзүлөт.
Ийримдин жетекчиси Айгерим Сатыналиевнын билдиришинче, кружоктун максаты — талантуу окуучулардын акындык чеберчилигин өстүрүү жана аларга туура жол көрсөтүү болуп эсептелет.

— Ал эми ийримге келген балдар үчүн атайын жетекчиси тарабынан иш мерчемдер түзүлөт. Ошого жараша ар кандай сабактар өтүлөт, уйкаштыктарды, ыргактарды үйрөнүшөт жана ошентип ыр куплеттерин чыгарышат. Бул ийрим айына бир жолу өтүлүп турат. Учурда бул ийримдин 12 мүчөсү бар. Кыздарга салыштырмалуу эркек балдар азырак. Айрым балдар ийримге кызыгып келип, аракет кылып, ыр жазганды үйрөнгөндөрү да болот. Ал эми кээде таланттуу балдар жаклкоолуктан же маани бербегендиктен тескерисинче жазбай калышат. Көпчүлүгү даталуу күндргө арнап жазышат. Мисалы, Ата Мекенди коргоо күнүнө же 8-мартка карата дегендей. Жакшы деген ырларды гезитке беребиз. Айтор, таланттуу балдарды колдогонго аракет кылабыз.
Даярдаган: Абдурахим Мамбетказиев
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!