Ак халатына так жугузбай ɵз кесибин сүйүп кɵп жылдан бери тынбай эмгектенген Кызыл-Туу айылынын медайымы Сыдыралиева Манархан.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын үй — бүлɵлүк медицина борборунун мед айымы Сыдыралиева Манархан 1960-жылы Кызыл -Туу айылында туулган. Айылдын бейтапканасында 1988-жылдан бери иштеп келе жатат. Мед айымга кесиби абдан жагат анткени ал бала кезинен бери эле ушул кесипке кызыгып, балалык кыялы ишке ашканын айтып берди.
«Мен күн сайын эртең мененки саат 8 ден кечки 17:00 го чейин жаңы тɵрɵлгɵн ымыркайлардан баштап чоң кишилерге эмдɵɵ иштерин жүргүзɵм», — дейт Сыдыралиева.
Мед айымдын айтуусу боюнча бейтапканага ар түрдүү адамдар келип ɵз кубанычтары, кɵйгɵйлɵрү менен бɵлүшүшɵт.
«Кээ бири ыйласа , кээ бири сүйүнүп кетишет. Ар бирине кылдаттык мамиле жасап кеп-кеңештерди берем», — дейт медайым.
Азыркы учурда бейтапканада тɵрт адис иштешет. Башкы врач, эки мед айым жана фельдшер ɵз милдеттерин так аткаруу менен элдин саламаттыгын сактоого кам кɵрүшүүдɵ. Ар бири ардак граматалардын жана сыйлыктардын ээси.
Даярдагандар: Чокмурбаева Назми, Тынарбекова Элиза