Cынак Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы мектебинде өткөрүлдү.
Калыстар тобунун төрагасы Кадыркул Исмаиловдун айтымында, быйылкы сынакка катышуу жылдагыдан төмөнүрөөк болуп калган.
“Нарын райондук маданият бөлүмүнүндө башкы адис болуп иштейм. Жаш таланттар конкурсунда 1997-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү болуп келе жатам. Быйылкы конкурс жылдагыга салыштырмалуу төмөнүрөөк болуп калды. Бирок аракеттери жакшы. Кол эмгек, сүрөт жагынан катышкан окуучулар жакшы. Эң башкысы мугалимдерге, ата- энелерге чоң ыраазычылык билдиребиз” — деди Исмаилов.


Сынакта калыстык кылган дагы бир мугалим Сабира Асанбаева болсо иш-чара жакшы өткөнүн белгиледи. «Окуучулардын баардыгы калыптанган жоболорду алышкан. 11 жанр боюнча даярданып келишиптир. Даярдыктары абдан жакшы”, — деп билдирди ал.

Конкурста «Жаш калем» жанры боюнча да жарышып, анда окуучулар чыгарган ырларын калыстар тобуна окуп беришти.

Достук айылынын мугалими Динара Асанбек кызы да бул сынакка окуучуларын даярдап келген.
«Былтыркыга салыштырмалуу, жылдан жылга жакшы деңгээлде өтүүдө. Формалары, даярдаган номерлери да абдан жакшы. Ал эми айырмачылыктарына токтолсом, мурда музыкалык аспапта ойношчу эмес, быйыл ал номерди да даярдап келишиптир”, -деди ал.

Сынакка Учкун айылынан келип катышып жаткан Самара Токтосунова:
“Конкурста сүрөт тартуу боюнча катышып жатам. Кичинекей кезимден бери сүрөт тартам жана аябай жакшы көрөм. Үй-бүлөм да сүрөт тартышат, алардан тажрыйба алгам.

Сынактын жыйынтыгында I-II орундарды алган окуучулар облустук «Жаш таланттар» кароо-сынагына жолдомо алышты.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн