Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө 15-март күнү “Сумбула периси 2017” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка айыл аймагына кирген төрт мектептин окуучу кыздары катышты.
Сумбула айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө “Сумбула периси 2017” сынагында төрт мектептин окуучу кыздары катышып жыйынтыгында Сары-Дөбө орто мектебинен келген кыз жеңүүчү болуп табылды. Кароо сынакты утуп чыккан Сары-Дөбө орто мектебинин окуучусу Асел Каарова жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Азыр мен сынактын жыйынтыгын угуп утканыма абдын толкунданып турам. Мени ушул сынакка даярданганга жардам берген курбуларыма, Сары-Дөбө орто мектебинин мугалимдер жамаатына, ата-энеме өз ыраазычылыгымды билдирем. Эми боло турган райондук турда Сумбула айыл өкмөтүнүн абийирин коргогонго өз аракетимди жасайм”, — деди Асел.

Кыздар алты тапшырма боюнча ат салышты:

Сынакка

Сынакта баш бейгеге жетпей калган Манас атындагы орто мектебинин окуучусу Закия Исамиддин кызы сынакка бир жумадан бери даярданып келгенин айтат.


“Мен “Сумбула периси 2017” сынагына катышканыма аябай кубанычтамын. Эң негизгиси жеңиш эмес катышуу деп ойлойм”, — деди Закия.

Катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана ардак баракчалары тапшырылды. Биринчи орунду алган Асел райондук турга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Калыстар тобунун айтымында, азырынча райондук тур качан болоору белгисиз.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн