10-мартта адаттагыдай эле айдын онунда болот турчу “Парламент суйлөйт” конкурсу болду. Бул айда спорт жана ден соолук министрлери акыркы таймашын өткөрүп алышты. Өрөөндөгү 4 мектептин окуучулары катышып, ал эми Түркмөн орто мектебинин окуучусу кандайдыр бир себептерден улам келе алган жок.Бул таймашдын акырында К.Конушбаев атындагы орто мектебини окуучусу Кабылбеков Сактан женишке жетишти.
Бул конкурска Жогоку Кеңештин депутаты Тынчтык Конушбаев толугу менен демөөрүлүлүк кылды.
Радиовикторинда мектеп спорт жана ден соолук министирлери өзүнүн иш-пландары менен тааныштырып ,суроолорго жооп берип,таланттары менен бөлүшүштү.
Сынактын жеңүүчүсү Кабылбеков Сактан эмнегедир бул сынактан өтө толкунданбаганын айтып,өз ою менен бөлүштү.
“Бул сынакта эмнегедир өтө суйунгөн деле жокмун. Сынакка аз убакыттын ичинде даярданып,эми минтип жеңишкке жетишип отурам. Учурдан пайдаланып өзүмдүн эже-агайларыма жана классташым Самар кызы Зыйнатка терең ыраазычылыгымды билдирем.
Ал эми Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин катышуучусу Абазбек кызы Айзат 2-орунга ээ болуп төмөндөгүлөргө токтолду:
“Бул сынак мага көп нерселерди билүүгө, тапшырмаларды туура аткарууга уйрөтту.Даярданууга жардам берген эжелерим ,классташтарым жардам беришти. 2-орунга ээ болгонума сүйүнүп жатам, сынакка катышуу өзү жеңиш!
К.Конушбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Сатаркулова Нуржамал көрүүчү катары өз сөзун айтты:
“Радиовикторинда өткөн сынак таза жана калыс өтүп,кызыктуу болду. Катышуучуларда активдүү катышышып,жыйынтыгында өзүмдүн мектебим жеңишке жетишди,абдан кубанып жатам.”
Элге так жана даана маалымат жетиш үчүн сынак түз эфирде өтуп,музыкалык тыныгуу болду.
Ал эми 3-орунду багындырган Шаршенбек уулу Темирлан сынактын жүрүшү эң мыкты дээңгелде болду деген оюн айтты:
Сынактын акырында жеңүүчүлөр ардак грамота сыйланышты.Бул сынак спорт жана ден соолук министрлери менен жыйынтыкталды,май айында жеңген министрлерге белектер берилип жана ошондой эле КРнын Жогорку Кеңешине маалыматтык тур,депутаттар мене жолугушуу уюштурулат.
даярдаган : Умсунай Ачыкова