Кыргыз эли негизинен иштүү, колунан кɵɵрү тɵгүлгɵн ɵнɵрлүү эл, билгенин аздектеп, кастарлап, кийинки урпакка калтырып келаткан калк. Ал эми аны улап кетүү, сактап калуу, баарынын эле колунан келе бербейт.
Биздин каарманыбыз – ошол баалуулуктардын укканын да, кɵргɵнүн да топтоп, ɵзү да жасап, керемет кооздуу гүлдөрдү жасоонун сыры менен бөлүштү.
Жасмин 2-3 классынан баштап эле өзүнүн классташтарына ар түрдүү бисерден кооз браслеттерди жасай баштаган.Ал эми 5-6 классынан баштап гүл жасоого киришкен.Жасмин жаратылыштын кооздугун чагылдырат.Ар бир жасаган гүлдөрүн көргөзүп эмнени түшүндүрөрүн ,идиштерин,өңун краскаларды жана кадимки тырмак боечу лакты колдоноорун айтып туура тандоо дагы татаал экенин айтып берди.
Кардаарлар гүлдөргө кызыгып буйрутма берсе Жасмин өзүнүн фантазиясын айтып көркүн чыгарып жасоого аракет кылам дейт.
Даярдаган: Камчыбекова Р.