Алтынай Шыгаева Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев орто мектебинде сүрөт сабагы мугалими болуп эмгектенип келе жатканына 12 жыл болду. Бул жылдары иштеген ишинде бир топ ийгиликтерди жаратып келет.
Сүрөт сабагынан бергени менен мектепте кол өнөрчүлүк боюнча ийримди жетектеп, окуучуларга кыргыздын улуттук буюмдарын жасоону үйрөтөт.

Алтынай Шыгаева:
— Кичине кезимде юрист болгум келчү. Бирок окууга шартка байланыштуу кечигип калдым. Борборго барсам айылдаш тааныш эже сүрөтчүлүккө тапшырып көрүүмдү сунуштады. Анткени сүрөттү жакшы тартчумун. Тапшырып өтүп кеттим. Азыр окуганыма, сүрөт мугалими болгонума өкүнбөйм. Бул өзүнчө бир көркөм дүйнө. Сабактан сырткары кол өнөрчүлүк ийримде кыздарга ар түрдүү буюмдарды жасайбыз. Көбүнчө ою-чиймеге басым коём.
Ийримдин мүчөлөрүнүн колунан жасалган буюмдардын жана сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп турат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова