Баетов айылындагы Бейшеналиев мектебинде райондогу мекеме-ишканалардагы кыз-келиндер арасында өтмө кубоктун кезеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу жети команда катышып, аны райондук балдарга Билим берүү борборунун эмгек жамааты уюштурду.
Мелдештин соңунда өтмө кубокту жана кийинки мелдешти уюштуруу милдети Э.Карасартов мектебинин жамаатына тапшырылды. Ал эми 2-орунду бала бакча, 3-орунду больница камсыздады.





Буга чейинки болуп өткөн спорттук мелдештердин беш айлампасындагы оюндардан айырмаланып, бүгүнкү оюнда чака чапмай, скалкалка секирмей, топту элеп барып шакекчеге салмай сыяктуу оюндар ойнотулду.
Чака чапмай оюнунда кыз-келиндердин аракети жакшы болгон жок. Скалкалка менен секирүүдө Э.Карасартов мектеби жана РЭС жигердүүлүгүн көрсөттү.



Жеңүүчүлөргө Балдарга билим берүү борборунун директору Айнура Баязова сыйлыктарды тапшырып, ден соолукту жана ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан мелдешке ийгилик каалады.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!