Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Мамыралиев мектебинде «24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө» карата спорттук иш-чара өтүлдү. Ага 9-классынын окуучулары катышышты.
Мелдешти өткөрүүнүн максаты — ден соолукту чыңдоо, таза кармоо жана кургак учуктан алыс болуу. Окуучулар мелдеште орундарды алып, уюштуруучулар окуучу балдарга даярдап койгон байгелерин бөлүштүрүп беришти.

Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ырыскелди Асанов:
— Мелдеш жеке эле мектеп тарабынан эмес, биздеги айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү менен ишке ашты.

Жал айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Таалайгүл Кучуева:

— Балдарды ушул оорулардан сактоо үчүн, жаман жолго барбаш үчүн ушундай иш-чараларды көптөн өткөрүп турганга кошуламын. Оорубаш үчүн өзүңдү таза алыш керек, тамеки тартпаш керек, арак ичпеш керек жана ооруканага текшерилип туруш керек.

Даярдаган: Мырзайым Кубатбек кызы
Редакторлор: Азамат Кубанычбек уулу, Жаркымбаев Дастан