Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде атайын “24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө” карата иш-чара коюлду. Ага окуучулар менен дарыгерлер күбө болуп отурушту.
Иш чарага 9-классынын окуучулары атайын кургак учук күнүнө карата дубал газеталарды жасашып, көрүүчүлөргө маалымат берип кетишти. Андан тышкары бул оору боюнча ден соолук комитетинин мүчөлөрү өз пикрин айтышты. Иш-чараны мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ырыскелди Асанов уюштурган.

«Муну мектептин окуучулары менен биргеликте айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү чогуу өткөрүштү. Иш-чаранын өткөргөнүбүздүн себеби, айыл тургундарын, жаш окуучу балдарын кургак учук деген эмне, эмнеден келип чыгат, бул ооруну кантип алдын ала алса болот деген суроолордун жообун берүү болду», — деп билдирди Асанов.

Жал айылынын ден соолук комитетинде эмгектенген Жаңылкан Нурбаева кургак учук оорусу жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

— Бул кесип менен 1998-жылдан тартып иштеп келе жатам. Кургак учук — бул жугуштуу оору, аба аркылуу жугат. Ошондуктан коом сак болуш керек, дайыма өзүңдү таза алып жүрүш керек. Эгерде эки жума температура болуп, жөтөлсөң, тынчын алган оору болсо анда бул туберкулёз оорусу деп эсептелет. Андай боло турган болсо, дароо ооруканага барып анализ тапшырыш керек. Ооруканадан анализ алып алты ай ооруканада дарыланышга туура келет.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редакторлор: Азамат Кубанычбек уулу, Дастан Жаркынбаев.