Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Бокол көпүрөсү жарым-жартылай оңдолду. Калган бөлүгү кар кетээри менен бүткөрүлө турганын айтты айыл өкмөт башчысы.
Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, көпүрөнүн курулушуна айыл өкмөттүн фондунан 20 миң сом бөлүп берген.
«Бирок толугу менен оңдоло элек. Кээ бир такталары толук эмес. Ошол такталарды кар кетээри менен коюлат», — деп билдирди Турдукулов.
Бокол айылынын тургуну Канат Алиев:
— Бул көпүрө оңдолгондон кийин бизге кыйла жакшы болуп калды. Мурда аябай эле начар болчу. Адам өтө албай көп кыйынчылыктар туулган.
Көпүрөнү оңдоодо ӨКМ тарабынан цемент, арматура берген. Калган курулуш материалдарына айыл өкмөт бөлүп берген каражаттан жумшалган.
Могол айыл өкмөтү мындан ары айылдагы дамбаны оңдоп, Ооган-Талаа айылындыгы балдар бакчасынын чатырын жыңылоо планы бар экенин кошумчалады.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн