Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды.
Быйыл январь айынан баштап уйларга бирка басып жатышат. Ооган-Талаа айылына 800 бирка келген. Ар бир бирка 70 сомдон басылууда. Уйдан сырткары койлорго да бирка басууда.
Айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов:
— Мына быйыл Ооган-Талаа айылында бирка басуу иштери жүрүп жатат. Бирка 40 сом болсо, аны баскан акысы 30 сом, ошондо баары биригип 70 сом акча кетет. Бирок малдарга толугу менен бирка басыла элек. Кудай буйруса жакында басып бүтөбүз.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн