Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында ондон ашык кооптуу абалдагы жарлар бар. Айыл тургундары жар көчүп түшүп, жашоолоруна коркунуч туудурабы деп кооптонууда.
Айыл тургуну Үмүт Каримбеков Ооган-Талаада ондон ашык кооптуу абалдагы жарлар бар, алар дагы чоңоюп кетсе элге зыяны тийиши мүмкүн экенин айтты.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Турдукулов элге зыяны тийбесин деп жарларды көзөмөлдөп тураарын айтат.

«Үч кол участогунда жайгашкан жарды зым менен тостурганбыз. Негизинен жарларды лесхоз караш керек, көчөттөрдү эгип, малдарын коё бербеш керек, көчөт эксе тамыры жер кыртышын кармап турат, малдын туяктары болсо жерди өлтүрөт», — деп билдирди Турдукулов.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактор: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн