Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын ички жолдору начар абалда. Айыл өкмөт башычысы быйыл жалпы узундугу 3 километр болгон ички көчөгө шагыл төгүлөөрүн билдирди.
Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, Үч-Кол участогуна 500 метр жерге, Дөлдөев көчөсүнө 1200 метрге, Бокол көчөсүнө 1000 метрге шагыл төгүлөт.
Ал эми айыл тургуну Нурбек Шадыкановдун айтымында, көчөлөр ылай болуп, өзгөчө суу ташыганда кыйынчылык туудурууда. «Балдарыбыз мектепке барып келгенче ылай болуп калат, оңдоп берсе жакшы болмок», — дейт ал.
Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов «быйылкы жылы колубуздан келишинче аракет кылабыз» деп кошумчалап өттү.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактор: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн