Ооган-Талаа айылынын жаш тургуну Байтурган Сайдимамат уулу ыр жазып, жазган чыгармалары гезит беттеринен орун алып келет.
Байтурган Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев мектебинин 9-классында окуйт. Ал кичине кезинен эле ыр жазганга кызыгып, көбүнчөсү үй-бүлөөсү тууралуу ырларды жазат. Анын алгачкы «Энекем» деген ыры «Курдаш» гезитине чыккан.
Ал обондуу ырларга көбүнчө басым жасай бербейт. Бул өнөр туубаса экенин айтат ал.
«Мага бул өнөрүм жагат. Мен бул өнөрдү эч качан таштабай улантамын деген үмүттөмүн. Анан ошону менен эле биргеликте айдоочу болгум келет. Менин келечеке койгон кадамым ушул», — деди Сайдимамат уулу.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн