Кылымбек Курманалиев Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жаш таланты. Ал бир нече музыкалык аспапта ойноп, көптөгөн концерттерге катышып келет.
Кылымбек 1999-жылы 31-декабрда Чоң-Тогузбай айылынында жарык дүйнөгө келген.
Кылымбектин атасы Муктарбек Чилетировдун айтымында, уулу музыкага кичинекей кезинен эле шыктуу болгон.
“Өзүнчө эле ырдап жүрө берчү. Кошуналар ырдачу, ошолорго кошулуп ырдап жүрдү. Кийинчерек аспап керек деди. Анан аккордеон алып бердим. Ошентип жүрүп музыкалык окуу жайга тапшырды. Учурда ошол жакта окуп жатат. Келечекте мыкты музыкант чыгат деп ойлойм”, — деди Кылымбектин атасы.
Жаш талант Кылымбекке биринчи мугалими Азамат Бөлөкөв аккордеон менен комузда ойноону үйрөткөн.
“Учурда Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатам. 12-13 жашымда музыкага кызыга баштагам. Комуз, аккордеон, урма аспаптар, тай туяк, шылдырак менен эркин ойноп ырдайм”, — деп айтып өттү ал.
Мектептеги музыка сабагынан берген мугалими Рита Мамутова Кылымбектин ырга шыктуу болгонун айтат.
“Кылымбектин музыкага болгон таланты кичинесинен эле башталган. 5-классынан баштап конкрустарга катышып жүрчү. 7-класстарында ийгиликтерди багындыра баштады. Кылымбектен мыкты музыкант чыгат деген ишенимим чоң”, — деп билдирди Мамутова.
Даярдаган: Ая Кендирбаева, Нуриза Муратбек кызы
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн