Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак, Ооган-Талаа, Көк-Алма жана Кызыл-Үңкүр айылдарын бириктирип турган транспортко арналган негизги көпүрө оңдолду. Ага жалпы 1 жарым миллион сомдон ашык акча жумшалган.
Ооган-талаа айылында айдоочу болуп иштеген Батыр Мамырканов көпүрө оңдолгонго чейин өтө бийик болуп, өзгөчө кыш мезгилинде кыйынчылыктар жаралып келгенин айтат.
«Кышындасы чыга албай да калабыз унаа менен муз болуп тоңуп калат, ушул жерде көп кыйналат элек. Азыр аябай жакшы болуп калды, кыйналбай калдык, эми асфальт төшөп берсе жакшы эле», — дейт Мамырканов.


Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, көпүрө жайгашкан дөң эки метрге төмөндөтүлүп, ал эми ээни болсо алты метрге кеңейтилген.
«Ага 1,700,000 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттен, транспорт министрлигинин эсебинен кетти. Мындан ары да жолдорду оңдоп, асфальт төшөгөнгө аракет кылабыз», — деп билдирди Турдукулов.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактор: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн