Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы дамба оңдоло баштады. Курулуш иштери бир жуманын ичинде бүтөөрүн айтат айыл өкмөт башчысы.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, дамбанын курулушуна 345 габион алынып келинип, ал ӨКМ тарабынан каржыланган.
«Мурда да бир дамба салдык эле, анысын сел жууп кеткен. Эми дагы башынан салып жатабыз. Мунусун бекем кылып салганы аракет кылып жатабыз. 1 миллион сомго жакын акча каражат сарпталды», — деди Турдукулов.

Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн