Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында эксковатор алынмакчы. Ага ар бир үй-бүлө 300 сомдон чогултууда.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Алмаз Калдаров эксковатор алынса, арыктарды каздырып, айылдагы жолдорду оңдотот элек дейт.
Могол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында, азыркы күндө элден 270 миң сом акча чогултулган. Акча толук чогултулса, эксковатор алынаарын билдирди ал.
«775 миң сом акча чогулуш керек. Техника алынса айылда жолдорду ачабыз, арыктарды салабыз, дагы майда-чүйдө иштер бар, ошого иштетебиз», — дейт айыл өкмөт башчысы Турдукулов.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактор: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн