Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында БУУнун ФАО уюму тарабынан Нооруз майрамы өткөрүлдү.
ФАО уюму Чоң-Тогузбай айылында 2016-жылы иштей баштаган. Бул уюмга мүчө болгон айыл тургуну Нургүл Акбердиеванын айтуусунда, алар майрамдык концертке эки апта даярданышкан.
«Биринчиден бул ФАОго кирген айылдар арасындагы эстафета. Экинчиден элдин майрамдык маанайын көтөрүү үчүн бул концерт уюшулду», — деди Акбердиева.
Майрамга күбө болгон айыл тургуну Элмира Акмазиева:
— Бул элге эң чоң майрам болду. Анткени мындай концерт биздин айылда биринчи жолу болуп өттү, дагы алдыда көптөгөн майрамдык кечелер болот деп ойлойм.
Кезектеги майрамдык эстафета Тасма айылына берилген. Бул туурасында уюмдун дагы бир мүчөсү Света Такырбашева буларга токтолду:
— Бул концертке биз он беш күндөй даярдандык. Бул биз үчүн абдан кыска мөөнөт. Бирок ошого карабастан биз жакшы деңгелде өткөрдүк, концертибиз элге жакты деген ойдомун. Концертке көп каражат кеткен жок.
Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн