Базар-Коргон районунда Нооруз майрамы акимиаттын имаратынын алдында болуп өттү.
Майрамдык салтанат акимиат тарабынан каржыланды. Салтанатты райондун ар бир мектебинен келген окуучулардын кыргыз бийлери көркүнө чыгарды: жалын бийи менен жарыш бийин 600 окуучу бийлешти.
Балдар бий менен эле чектелип калган жок. Дагы 600 окуучу «Манас» айтышты.
Базар-Коргон райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкери Зулуш Жумалиевдин айтымында, салтанат ойдогудай өткөн.
«Ар бир салтанаттын көркү — бул бий болуп саналат. Салтанатта бий болсо анда салтанат кызыктуу, шаңдуу өтөт. Ошондуктан биз ар бир мектептен окуучуларды чакырып жалын бийин, жарыш бийин бийлөөнү үйрөтүп, ушул салтанатта ортодо бийлеттик. Балдар аябай жакшы бийлешти», — деди Жумалиев.
Бул салтанатта «Алас» айтылып, сүмөлөк даярдалды. Каада-салттар көрсөтүлүп, улуттук оюндар ойнолду.
Спорт оюндарын да каратэ мектебинде окуган балдар аткарып беришти. Жаз келгенин билдирип дыйкандардын иштери чагылдырылды.
Нооруз салтанатын көрүү үчүн келген Базар-Коргондун тургуну Бактыгүл Өмүрзакова «мен бул майрамда үйдө олтура бербей, балдарымды алып келип, салтанатты көргөзүп көңүлүн ачып жатабыз» деп ой бөлүштү.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн