Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таштанды алып кетүүчү унаа келет делип, бирок ушул күнгө чейин келе элек. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынан сурап билдик.
Таштанды алып кеткен унаа келбегендиктен айыл тургундары таштандыларын айылдын четине алып барып төгүп жатышат.


Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Турдукулов унаа жакын арада каттай баштаганын айтып, бирок убактысын тактаган жок.
«Бул таштандыларды төгүү үчүн Чкалов айылына атайын аң курулган. Ошол жерге баруучу жолдогу көпүрө селдин айынан коопту абалда болуп калган. Эми ошол жол оңдолуп машина каттап калат. Кудай буйруса жакында машина келип калат», — деп билдирди Турдукулов.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн