Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде 21-март Нооруз күнүнө карата майрам болуп өттү. Ага Орок айыл аймагындагы аксакалдар жана чоң энелер келишти.
Майрамда айыл тургундарына арналган дасторкон жазылып жана ар кандай оюндар уюштурулду. Майрамга карата айыл өкмөтү менен кыш заводу каражат бөлүп берген. Айылдын тургундарына баскетбол, футбол, ат чабыш, улак тартыш, кол күрөш жана кыргыз күрөш оюндары болду.


Оюндарга атайын байгелер коюлган.

Орок айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Мая Азимкановна:

— Биз Нооруз майрамын 20-мартта өткөздүк. Анткени аксакалдар ушинтип чечишти. Айыл аймактардан чогулуп атайын 21-март күнүнө карата эски жыл Нооруз майрамын өткөздүк. Айыл өкмөтү 30 миң сом каражат берди, андан тышкары демөөрчүлүк жардам деп биздин кыш заводубуз да жардам беришти. Ошондой эле биздин жаштарыбыз кызмат кылышты. Нооруз майрамына атайын бир жылкы, тамак-аш жана оюндар үчүн байгелер алынды. Ар кандай оюндар болду: биринчиден ат чабыш, футбол, баскетбол, кол күрөш, кыргыз күрөш жана улак тартыш оюндары уюштурулду.
Зина апа, Жал айылынын тургуну:

— Биздин айылда болгон Нооруз майрамы өтө жакшы деңгээлде өттү. Элдин баардыгы ыраазы болду. 1977-жылкы балдардан баштап 1992-жылкы уулдарга чоң ырахмат. Ушу биздин балдар майрамды өздөрү даярдашып ийгиликке жетишишти. Алар бизге урмат-сый көрсөтүштү, аларга да кийинки муундар урмат-сый көрсөтүшөт. Ушу балдарга бакыт-таалай, узун өмүр каалайм.
Нурбек Сабыров, Сарбан айылынын тургуну:

— 4-5 жылдан бери Нооруз майрамына катыша албай калгам. Мурдакыга караганда Нооруз майрамы өтө жакшы деңгээлде өтүп жатат. Мурда болсо эптеп эле тамак-аш менен эле бүтүп калчу, мына азыр кыргыздын улуттук оюндары, концерттер көрсөтүлүп жатат. Мындан кийинки Нооруз майрамдары ушундай эле деңгээлде өтүп турсун.
Касымова Абдыраева, мектептин ашпозчусу:
— Орок айыл өкмөтүндө 20-мартта Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде Нооруз майрамы өттү. Рүстамбек Мамыралиев атындагы окучулары концерт коюп берип өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редакторлор: Азамат Кубанычбек ууллу, Дастан Жаркынбаев.