Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан Манас орто мектебинин кол жуучу жайы курулгандан бери иштебей келет. Окуучулар кыштын чилдесинде да колдорун муздак сууга жууп жүргөн.
Аталган мектептеги кол жуучу жай 2012-жылы курулуп бүткөн. Ага 1 млн 300 миң сом каражатты Арис уюму бөлүп берген. Бул тууралу Манас атындагы орто мектебинин директору Тажимурат Марипов буларды айтты:

— Кол жуучу жай иштебей калганынын себеби кышында алар тоңуп калат экен. Эми иштетип коёбуз. Ал убакта раковиналар да бузулуп калган эле.

Колдорун кышта да муздак сууга жууп жүргөнүн айткан окуучусу Сардар Акбарали уулу “Мен кышта да дааратканадан чыгып колумду муздак сууга жууп жүргөм. Эми иштетип койсо аябай жакшы болмок” деген оюн айтты.


Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн