Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы маданият үйү элге кызмат кылып келүүдө. Ал 1960-жылдары салынып, 2014-жылы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
Маданият үйүнүн башчысы Айнура Ташматованын айтымында, айылда кандай гана иш-чара болбосун баары ушул мекемеде өткөрүлөт.
«Бир кездерде абалы начарлап калган эле, бирок 2014-жылы капиталдык ремонттон өткөн. Аны стимулдук гранттан каржылап, ал эми өздүк салымды өкмөт тараптан төлөнгөн. Учурда абалы жакшы, эмне жыйындар болбосун ушул маданият үйүндө өтөт. Алдыңкы маданият үйү болуп эсептелет», — дейт маданият үйүнүн башчысы Ташматова.

Маданият үйүндө маданият штатынан бөлөк китепкана штаты да жайгашкан.
«Бул маданият үйү бизге көп кызмат кылууда. Айылыбызга мурда жакшы салынып калган экен», — дешет айыл тургундары.
Автору: Акжол Тагаев, Айша Адишова, Элиза Замир кызы
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн