Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында эмкана элге кызмат кылып келүүдө.
Бул эмкана 1990-жылы салынып, ошол мезгилден бери иштеп келүүдө.

Айжамал Кожоярова эмкана салынган жылдардан бери медайым болуп иштеп келет.
«Азыр бул жерде төрт медайым, бир дарыгер, кароол ошондой эле бир айдоочубуз иштейт. Бул эмкана акыркы жолу 1996-жылы ремонт болгон. Андан бери өзүбүз эле жылына ремонт кылып турабыз. Менин ишим өзүмө аябай жагат. Ошондуктан ушунча убактан бери иштеп келем. Бул жерде айлык азыраак, бирок көрүнгөн адам көп», — дейт Кожоярова.

Айыл тургуну Калиназар Өскөнбаев «мен ар дайым дарылануу үчүн келем, ошондо мени аябай жакшы карашат, доктуру да билимдүү» деп айтып өттү.
Автору: Эрмек Улан уулу, Уулкыз Абазбекова
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн