Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө малды идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Учурда Андарак айылынын мал докторлорунда малдын кулагына басылуучу биркалар калган эмес.
Азыркы күндө Сумбул айыл өкмөтү боюнча 3000ден ашуун ургаачы уйга бирка басылды. Бул тууралуу Искра айылынын ветеринары Насиридин Каландаров билдирди.

“Учурда Сумбула айыл өкмөтү боюнча 3000ден ашуун бир жаштан жогорку ургаачы уйларга биркалар басылды. Азыр бизде бирка калган жок. Алар эми тендер өткөрүлгөндөн кийин кайра келет. Ургаачы уйларга басылгандан кийин өгүздөргө жана торпокторго басылат. Мен өзүм 400 уйга бирканы бастым”, — деп билдирди Каландаров.

Анын айтымында, идентификациялоонун пайдасы — мал уурулукту жоёт. Ветеринарларга атайын смартфондор берилген. Басылган номерди алар айыл өкмөткө жөнөтүп турушат. Айыл өкмөттөгүлөр болсо малды каттап коёт.
Уйду мал базарга алып баруу үчүн уйдун ээси айыл өкмөттөгү кызматкерден справка алышы шарт болот. Справкасы жок мал базарга барса малды базарга киргизбейт. Справканы алуу үчүн малдын ээси айыл өкмөткө паспорту менен баруусу абзел.

“Азыр бизге тургундар өтө көп кайрылып жатат. Качан бирка басасыңар деп. Бирок бизде бирка түгөнүп калган. Элдер да тез-тез баскыла малдар жайлоого кеткенче деп айтып жатышат”, — деп кошумчалады Каландаров.

Ар бир малга бирка басуу үчүн уйдун ээси 70 сом төлөшү керек. 70 сомдун 40 сому айыл өкмөттүн казынасына түшсө, 30 сом мал доктурга бирканы басканы үчүн берилет.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн