Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы курулушу али бүтө элек дамбаны суу жууп кетти.
Буга чейин бир нече ирет сууну бөлөк жакка буруп көрүш үчүн кылынган аракеттер майнапсыз болуп, Кара-Үңкүр дарыясына дамба куруу башталган болчу.
Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Дөлдөев кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, мекеменин кызматкерлерин күтүп жатканын билдирди.

«Бул дамбанын иши аябай күчтүү кетип атты эле. Бирок күн тез ысып кеткенине байланышту суу аябай көбөйүп, көтөрүлүп кетип тосмону жеп кетти. Биз мурда койгон 235 габиондорубуз турат. Быйыл 245 габион дагы берилди эле, 35 габионду суу басып калды. Күчтүү техникалар керек болуп атат. ӨКМ менен сүйлөштүк, бүгүн алардан адамдар келишсе элдик жыйын кылып сүйлөшүп, ишти бүгүндөн эле башташыбыз керек», — деп билдирди айыл башчы Дөлдөев.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн