Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы бала бакча 30 жылга жакын убакыттан бери иштеп балдарга билим берип келүүдө.
Бул бала бакчанын имараты 1956-жылы ашар жолу менен курулганы менен бирок бакча болуп 1989-жылы ишке берилген.
Ал 12 бөлмөлүү, балдар ойной турган жана уктоочу бөлмөлөрдөн турат.


Бала бакчада 15 жылдан бери иштеген тарбиячы Жамал Карымшакованын айтымында, бала бакча былтыр капиталдык ремонттон өтүп, азыр заманбап болуп калган.
«Мурун бул бала бакчанын абалы аябай начар болчу. Чатырынан тамчы таамп турчу. 2016-жылы бул бала бакча толук капиталдык ремонттон өттү. Бардык нерсеси алмаштырылды. Азыр бул заманбап бала бакчалардын катарына кирет», — дейт Карымшакова.


Айыл тургуну Айнура Капарова «бул бала бакча аябай чоң кызмат кылып келүүдө. Балдарыбыз жаш кезинен билим алышат» деди.
Автору: Нуркан Айдарбекова, Расул Шайырбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн