Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков өзү ACTED уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен жем даярдоочу станок алган.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков ACTED уюмуна арыз менен кайрылып, 120 миң сомдук жем майдалоочу станокту алган.
“Мен бул станокту алууга ACTED уюмуна арыз менен кайрылып, алар 120 миң сомдук каражат бөлүп берген жана өздүк салымым 30 миң сом жана объект өзүмдөн болду. Ал станокту жакынкы арада алганыма байланыштуу азыркыга чейин иштете элекмин. Эми жакынкы күндөрдө иштетем”, — дейт Умурзаков.
Буга чейин мындай станок Сары-Дөбө айылында болбогондуктан тургундар кошуна айылдарга барып жем майдалатып келип жүргөн. Эми бул станок иштегенден баштап жергиликтүүлөр өз айылында эле жем майдалатканга мүмкүнчүлүгү болот.
Сары-Дөбө айылынын тургуну Үмүтбек Сегизбаев «биз азыр бул станокту алып келгенин угуп, көрүп кубанып турабыз. Биздин айылда буга чейин мындай станок болгон эмес эле. Кошуна айылдарга барып жемди майдалатып келчүбүз. Эми бул станоктун иштешин күтөбүз» деди.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн