Нарын районуна караштуу Учкун айылында эмгектенген эже-агайлар райондук семинарга катышып келишти. Алардын сабак өтүү ыкмалары тууралуу маек курдук.
Мугалимдерден төмөнкү суроолорго жооп алдык:
1. Сабагыңыздын оригиналдуулугу эмнеде болду?
2. Семинарга сабак өтүү сизге канчалык кыйынчылык алып келди?
3. Ар бир сабак окуучу үчүн майрам болушу керек. Сабактын бүткөнүнө кубанбай, окуучу сабак тез өттү деген кайгырган көз карашта калышы керек дейт. Сиздин сабактарыңызда окуучулар кандай көз карашта болушат?
4. Кызыктуу сабак өтүү үчүн даярданууга канча убак сарпталат?
Математика мугалими: Мамырканова Анара.
Тема: Арифметикалык прогрессиянын жана анын касиеттеринине карата көнүгүүлөрдү иштөө. 9-класс.
1. Математика турмушта деп, мүчөлүү жаш жана башка турмушта пайдаланган мисалдардан келтиргеним жана баалоом болду. Анда уй, кой, жылкыларды берип, аларды акчага айландырып, көп акчага ээ болгондорго сертификат тапшырдым. Оригиналдуусу ушул нерселер болду.
2. Уят болуп калбайын деп даярданат экенсиң. Жалаң завучтар келишет дегенде түйшөлүү пайда болду. Сабактан кийин кагаздарымды карашып, текшеришкенде кайсы жерин туура эмес кылдым экен деп чочулоо болду. Бирок сабагымдын аягында жакшы анализдерин берип кетишти.
3. Дайыма эле кубантып ийдим деп айткандан алысмын. Кээ бир учурда өзүң да, балдар да ыраазы болгон сабактар болот. Кээде аябай даярданып келип өтсөң деле, жакшы болбой калат. Кээде эки класска бир теманы өткөндө бирөө жакшы кабыл алат, бирөө жакшы болбой калат.
4. Көп эле убакыт кетет. Китептерден, газеталардан маалыматтарды топтой берем. Кызыктуу маалыматтарды дароо жазып алып турам. Ошонун баары сабактарымда керектери тийет. Өзгөчө математикага интерактивдүү усулдардын туура келиши кыйын. Ошондуктан көп эле убакыт сарптайм.
Орус тил мугалими: Калыков Темирбек.
Тема: Необычная история обычного кирпича. 10-класс.
1. Семинардын максаты эле райондон келген мугалимдерге интерактивдүү ыкма менен сабак өтүү болчу. Менин сабагымдын оригиналдуулугу жаңы ыкмаларды пайдалануу болду. Себеби бир эле сабакта үч стратегияны пайдаланыш оңойго турбайт. Үч методду колдондум. Биринчиси — пирамидная история. Экинчиси — даймонд. Үчүнчүсү — синквейн. Ар бир методдун өзүнүн этикасы жана философиясы бар. Интерактивдүү усулдун этикасы — ар бир окуучунун «туура» жообу бар. Философиясы — туура жоопту тапкандан мурун, аны кандай жол менен тапты, ошол маанилүү. Окуучулар ойлорун эркин билдириш үчүн бул принципке таяндым.
2. Ишенген балдардын сабакка келбей калышы башында кичине кыйынчылык алып келди. Бирок окуучулар толукталып, сабагым жогорку деңгээлде болду.
3. Орус тил сабагы окуучуларга керек. Окуучулар да орусча пикир алышканга аябай ынтызар болушат. Ошондуктан сабактарымда ар бир окуучунун кызыгуу менен окушуп, берилген тапшырмаларга жан дили менен жооп бергендерин байкайм.
4. Эки күн керек го деп ойлойм. Себеби «дифференциалный подход» деп коёт ар бир окуучунун деңгээлине жараша суроо даярдайсың жана интерактивдүү усулдарды ылайыктап издейсиң.
Герогафия мугалими: Абдыгазиева Таажыгүл.
Тема: Иштин ийгилиги жылмаюудан башталат. 7-класс.
1. Ар бир эле сабакты изденүү, чыгармачылык менен өтсө оригиналдуу болот го деп ойлойм. Менин сабагымдын оригиналдуусу окуучулардын теманын негизинде жылмаюну сүрөттөп көргөзүп берүүлөрү болду. Себеби катышкан мугалимдер да окуучулардын чыгармачылыгына жакшы бааларын берип кетишти.
2. Сабакка даярданууда кыйынчылыктардан мурун сабакка койгон максатыма жетсем экен деген коркунучтар болуп турат. Мени түйшөлткөн маселе окуучулар сабакты жакшы алып кетсе экен деген ой болду. Кудайга шүгүр сабагым кызыктуу болду.
3. Дайыма деп айта албайм. Кээде окуучулар сабактын тез бүткөнүнө кайгырып калышат.
4. Кызыктуу сабак өтүш үчүн мен он-он беш күн сарптайм. Себеби издениш керек, чыгармачылык менен аракет жазасаң, сабагың да жогорку деңгээлде болот деп ойлойм.
Тарых мугалими: Өмүракунова Айжаркын.
Тема: Кыргызстандык жоокерлердин улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери. 9-класс.
1. Глобус сыяктуу кылып, айланма көрсөтмө курал жасагам. Ошол нерсем жакты көпчүлүккө. Метаплан ыкмасы менен сабак өткөнүмдү баалашты. Мында мурдагы жашоо менен азыркы жашоону өз көз караштарында чагылдырып айтып беришти.
2. Кошумча материалдарды табыш жана интерактивдүү ыкма менен өтүш үчүн кандай методу колдонуш керек деп изденгеним көп убакытты талап кылды. Көп эле кыйынчылыкты жаратты деп айта алам.
3. Көбүнчө интерактивдүү ыкма менен өтүп жаткандыктан балдарга сабак кызыктуу болуп жатат. Себеби сабак бүткөндө дагы бир саат өтөлүчү, эмки сабакта да ушундай өтүңүзчү деп суранып калгандары болот. Дайыма деп айта албайм, бирок көбүнчө убакта окуучулар убакыттын тез өткөнүнө кайгырышат.
4. Бир жума убакыт сарптайм деп айта алам. Себеби байыркы, орто кылымдардагы материалдарды таап чыгыш көп убакытты талап кылат. Көбүнчө интернет булактарында орусча берилет. Аны кыргызчага которуп чыгып, сабакка ылайыктап пайдаланыш керек.
Даярдаган: Курманова Мунар