М.Субакожоев атындагы Түрк лицейи тарабынан жыл сайын өтүлүүчү тестирлөө быйылкы кезеги башталып Нарын облусуна караштуу баардык айылдарда уланууда.
Аталган тестирлөө Нарын районунун Куланак айылында да болуп, ага 6-класстардын окуучулары катышышты.

Аталган түрк лицейдин окуу иштери боюнча директордун орун басары Мурат Кенержи Куланакта жалпы 70 окуучудан тест алганын билдирди.
«Бул мектепке Учкун, Достук, Сары-Ой, Жан-Булак айылдарында окуган 6-классынын окуучулары келишти. Бул тестин жыйынтыгы он күндөн кийин чыгат, жыйынтыгы чыккандан кийин биз өткөн окуучуларга чалып кабар беребиз. Өткөн окуучулардан кайрадан 2-турдан да тест алабыз. Биз бардык райондорду кыдырабыз», — деди Кенержи.


Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 6-класста окуган Айгерим Сатыбалдиева лицейге окуш үчүн тестке катышкан.
«Суроолор анча деле оор эмес экен. Бул тесттен өтсөм түрк лицейде окуюн деген максаттарым бар. Ата-энем дагы өтүп калсам окууганга уруксат беришти», — деп бөлүштү Айгерим.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн