Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Нарын районундагы 33 мектептен окуу бөлүмүнүн башчылары жана мугалимдер келип семинарга катышышкан.
Бул семинардын темасы: «Окуу-тарбия иштеринде директордун орун басарларынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу» деп аталган. Ал эми максаты — учурдун талабына ылайык иш кагаздарын жүргүзүү менен окуучуларга билим, тарбия берүүнүн сапатын жакшыртуу.
Семинарда сегиз ачык сабак, үч предметтик иш-чара, төрт кружоктук иш жана таймаштар өткөрүлгөн.
Семинардын жүрүшү тууралуу Токсобаев мектебинин директору Арзыгүл Шеримбековага суроо узаттык.
— Саламатсызбы? Семинардын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берип кетсеңиз?
— Бул мектепте семинар биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин көп эле болгон. Быйылкы семинардын өзгөчөлүгү — мугалимдерге чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өздөрүнүн жетишкендиктерин, окуучулар да өздөрүнүн шык- жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.
— Семинар кандай деңгэлде өттү? Көбүнчө кайсы жагынан коркуп жаттыңыз?
— Семинарыбыз жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чараны өткөрүүдө коллективдин эң кенже окуучусунан стаждуу мугалимине чейин бирдиктүү катышкандыгы ийгилигибиздин сыры деп ойлойм. Эч нерседен деле корккон жокмун. Себеби мугалимдерибиз күчтүү. Мугалим күчтүү болсо окуучу да күчтүү болот да. Мен ишенгем мугалимдерибиздин мыкты деңгээлде иш алып барарына. Анча-мынча уюштуруу жагынан коркком. Бирок бул жагы да жогорку деңгээлде болду.
— Семинарда иш-чарага да, аш-чарага да тикесинен тик туруп, кызматын кылгандар болду. Ошону менен катар ал күнү келбей койгон мугалимдер да болбой койгон жок. Буга кандай көз-карашта болдуңуз?
— Кийин мен ким келди, ким келген жок деп анализдеп көрдүм. Бирөөнүкү чоң, бирөөнүкү кичине болсо да, бардыгы салымдарын кошушуптур. Оруп калган мугалимдер гана катыша албай калышты.
— Мурун мектепте жыл аягында педагогикалык кеңешмеде мугалимдерди сыйлыкка көргөзүү маселеси күн тартибине киргизилчү. Кийин мындай маселе көтөрүлбөй калды. Мунун себеби эмнеде же татыктуу иштегендер жок болуп жатабы?
— Мен келген жылы коллективдин жарымын көрсөтүп коюп, райондук билим берүү бөлүмүнөн эскертүү алганбыз, күлкү да болгонбуз. Мен ойлойм 90-жыдарда иштеген мугалимдерибиз дагы эле иштеп келе жатат. Ошол жылдардагы иштеген мугалимдердин бардыгы чоң сыйлыктарга татыктуу. Ошол көрсөткөн мугалимдерибизге дале да болсо сыйлыктар келе элек. Сыйлык келе тургандай кылып көрсөтөлү деп биз токтоп калганбыз. Жылда эле ошол көрсөтүлгөн мугалимдердин документтери кетип жатат, бирок сыйлыктар келе элек. Ал эми мектеп тарабынан кичине болсо да сыйлыгыбызды берип келе жатабыз.
Семинарда конокторго жагымдуу маанай тартуулап, маданият тармагын тейлеген башталгыч классынын мугалими Мамаева Зульфия эжени кепке тарттык.
— Саламатсызбы? Семинарда маданият тармагын уюштурдуңуз. Даярдоо ишинде эмне кыйынчылыктар болду?
— Баарынан жоопкерчилик кыйынга турду. Себеби жетекчиликтин ишенимин актоо керек деген жаңы максат туулду.
— «Бүткөн ишке сынчы көп» дейт эмеспи. Уюштуруу ишинде кандай сын-пикирлерди уктуңуз?
— Негизинен эле сын-пикирди туура кабыа алам. Анткени ал ишимдин алга жылышына көмөкчү болот.
— Жасаган ишиңиз, кылган жумушуңуз көпчүлүккө үлгү болуш үчүн эмнеге көбүрөөк басым жасайсыз?
— Жумшак мамиле, жылуу сөз айтып, ар бир кесиптешимдин жоопкерчилигине, жөндөмүнө жараша тапшырма берүүгө басым жасайм. «Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат» дегендей тапшырманы милдети катары карап, ар бир кесиптешимдин жана Кулманбетов Максаттын демөөрчүлүгү менин ишимдин ийгилиги болду. Аларга Алла ыраазы болсун!
— Иш артынан келген ийгилигим деп кайсы ийгилигиңизди айта аласыз?
— Эмгегимдин бааланган учурун он алты жылдан бери ыраазычылык сөз менен гана угуп келем. Эмгекти туура тандап, ага жан дүйнөң менен берилсең, бакыт өзү сени издеп келет деп сөзүмдү жыйынтыктайм.
Даярдаган: Курманова Мунар