Башталгыч классынын мугалими: Имакеева Гүлмира. Тема: Арстан менен коён. 3-класс.
1. Сабагымдын оригиналдуулугу баалоомдо болду. Себеби “Бирге окуйбуз” долбоору менен сабак өтүп жатпайбызбы,бул окуучулар үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болот экен. Ушул долбоордун негизинде мен үч күндүк семинарга барып баалоо боюнча окуп келгем. Мына ошондогу калыптандыруучу баалоону толугу менен сабагымда колдондум. Катышкан коноктор да өзгөчө баалоомо жакшы бааларын беришти. Окуучуларыңыз чоң класстын окуучуларындай сөз байлыгы кенен, өздөрүн алып жүрүүсү абдан мыкты экен деген мактоо сөздөрүн айтып кетишти.
2. Кыйынчылык деле алып келбейт. Ушул мектепке келип иштегени канча семинар болсо ошонун баарына сабак өтүп келе жатам. Көнүп калгам деп айтсам да болот. Мурдагы райондук семинарда 1-класска сабак өткөм. Ошондогу келген мугалимдер 1-класска да ачык сабак өтсө болот турбайбы деп таң калып кетишкен.
3. Сабактарымдын көбүнчөсүндө окуучуларым “коңгуроо болуп кеттиби, бат эле бүтүп калдыбы?” деген суроолорду көп берип калышат. Өзүм да колумдан келишинче кечээки сабагыма бүгүнкү сабакты окшоштурбай өткөнгө көбүрөөк басым жасайм. Азыр интерактивдүү методдорду көбүрөөк колдонуп жаткандыктан сабактар окуучуларга абдан кызыктуу болуп жатат болуш керек.
4. Көп эле убакыт сарптайм. Жатып алып да кандай кылсам, эмне ыкманы колдонсом деп көп ойлоном. Өзгөчөрөөк болуусуна аябай аракет кылам. Жаңы мектепке кирген кезимдегидей эле болгон газета-журналдарды, китептерди чачып алып даярданам. Азыр эле кичине даярдана калып,сабак өтүп салам деп айта албайм. Изденип, чыгармачылык менен өткөнгө көп аракетимди жумшайм.
Биология мугалими: Апилова Назгүл. Тема: Таяндыргыч кыймылдаткыч системасы. 8-класс.
1. Сабагымды слайд түрүндө өттүм. Китептен тышкаркы керектүү материалдарды слайд аркылуу көргөзүп бергеним кызыктуу болду. Таяндыргыч системалар тууралуу өз көздөрү менен көрүшүп, склеттин түзүлүшүн кызыгуу менен карап олтурушту. Сабагымдын оригиналдуусу окуу китебинен сырткаркы материалдарды бере алгандыгымда болду деп ойлойм.
2. Жаңы сабакты өт деген кезде сүрдөө, коркуу, түйшөлүү болду. Кандай метод менен өтөм, эмне көрсөтмө курал пайдалансам деп. Пландап алгандан кийин, мен үчүн жеңил эле болду.
3. Муну окуучулардан сураш керек го. Кээ бир сабактарда көбүнчө 6-7-8-9-класстарда сабак бүтөнүнө чындыгында эле кайгырышканын көрүп калам. Дайыма эмес, кээде мындай учурлар кездешет.
4. Кызыктуу сабак өтүш үчүн кээде бир жума убакыт сарптайм. Чындап көңүлүмдү койсом эки күндө эле даярданып бүтөм.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими: Курманова Мунар.
Тема: Муун жана анын түрлөрү. 5-класс.
1. Сабагымдын оригиналдуулугу көрсөтмө куралдарымда болду деп ойлойм. Жайлоодогу турмушту чагылдырып, ары-бери жылдырганга ылайыктуу жазалган адамдардын, мал-жандыктардын макети окуучулардын кызыгуу менен иштешине өбөлгө түздү. Ар бири өздөрү келип, макеттерди тиешелүү орунга жылдырып, муундун түрлөрүн жайлоонун көрүнүшү менен таап жатышты. Ошондой эле жыйынтыктоодо колдонгон капасымды жактырышып, бир мугалим сурап алып кетти. Сабагыма да өздөрүнүн жакшы деген бааларын беришти.
2. Райондук семинарга сабак өтүү чоң жоопкерчиликти талап кылды. Айрыкча мен-мен деген окуу бөлүмүнүн башчылары келет дегенде коркуу сезими пайда болду. Аябай изденгенге, эмгектенгенге, кандай жаңы ыкманы колдоном, эмне көрсөтмө курал жасайм деп көп ойлондум. Ушул учурдан пайдаланып кыргыз тилчи эжелерге терен ыраазычылыгымды айтам.Ар бири өздөрүнүн оюн айтышып, материалдык да, моралдык да жардамдарын көрсөтүштү.
3. Дайыма эле сабагым майрам болот деп айтуудан алысмын. Бирок көбүнчө убакта сабактын бүткөнүнө кайгырышып, «эмне үчүн сиздин сабагыңыз бат эле бүтүп калат?» — деп нааразы болуп калган окуучуларды кездештирем. Анткени 5-класстын окуучуларына сабак бергендиктен, алар жайыраак иштешет. Сабактын кызуусуна киргенде перемен болуп калат.
4. Кызыктуу сабак өтүү үчүн даярданууга көп эле күн керек. Планын түзүп, анан ага керектүү материалдарды топтогонго, көрсөтмө куралдарды жазаганга бир топ эле убакыт кетет.
Чет тили мугалими: Рахматова Наргиза. Тема: Кыргызстандагы кыш. 6-класс.
1. Сабагымдын оригиналдуулугу бул же тигил деп айта албайм. Сабакка катышкан коноктор айтса туура болот го деп ойлойм. Алардын берген анализдеринен сабагымдын жакшы деңгээлде болгонун жана көрсөтмө куралдарымдын оригиналдуу жасалганын билдим.
2. Кыйынчылык деле болгон жок. Себеби өткөн жылкы баш байгени жеңген «Жаш мугалим» райондук сынагында өткөн темага окшош тема туура келди. Ошондуктан көрсөтмө курал дагы, сабактын структурасы дагы даяр болуп, сабак өтүү жеңил эле болду.
3. Сабак кызыктуу болуп, окуучунун кайгырган көз карашын көрүш үчүн кандайдыр бир көрсөтмө куралдар, сүрөттөр керек деп айта албайм. Кээ бир учурда алар роль ойнобой калат. Мисалы менин сабагымда көбүнчө жест, мимика колдонулат. Мугалим ар бир сабакта кыймыл-аракетти сүрөттөн эмес, өзү бала менен бала болуп көрсөтүп берсе окуучуга өтө таасирдүү болот. Мен мындай кыймыл-аракеттерди көбүрөөк пайдаланганга аракет кылам.
4. Кызыктуу сабак өтүүгө мынча же тигинче убакыт эмес педагогикалык талант керек болуш керек.
Даярдаган: Курманова Мунар