Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Айнидин Сыргашов 20 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Ал ар кандай жыгач буюмдарды табыштама менен жасайт.
Айнидин Сыргашов кичинекей кезинен бери жыгач устачылыкка кызыгып, азыркы убакытта табыштама менен буюмдарды жасап, үй-бүлөсүн багып келет. Көбүнчө өзү жалгыз иштегени менен чоң буюмдарды өзүнүн кесиптештери менен жасайт.

“Жыгачтан көптөгөн нерселерди жасайм, мисалга алсак: стол, стул, кашык, доска жана башкаларды. Эгерде чоң заказ болуп калса, эки же үч киши чогулуп алып жасайбыз. Жасаган нерселердин баарын шаарга алып, дүң баада өткөзөм. Өткөзгөн материалдар ар кандай баа менен сатылат. Негизи өзүм иштегенде, бир күндүн ичинде болжол менен 500-600 доска жасай алам. Бул жыгач устачылыка кичинекейимен ар түрдүү нерселерди жаcап жатып, кызыгып, азыр чоң заказдар менен алектенем. Эгер устачылык менен жаңы баштап келе жатсаң, өтө кыйын болот. Жыгач устачылыкка бара-бара кол көнүп, акыр оңой болуп калат”, — деп айтып берди жыгач уста.
Даярдаган: Альбина Нурбек кызы