Абаскан Медетбеков Сокулук районуна караштуу Жал айылында бал бизнеси менен алектенгенине тогуз жыл болду.
Медетбеков бул бизнестин сырын өздөштүрүп алган. Ал жылына 1 тоннадан көп бал алаарын айтат.
![20170410_184231[1]](http://orok.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/7/2017/04/20170410_1842311-1024x768.jpg)
“Бул жумуш оор эмес, бирок абдан көп. Кышында ар бир аарынын үй-бүлөсүндө он килограмм бал болушу зарыл, антпесе кыштан чыкпай калышы мүмкүн. Аарыларды багыш өтө кыйын, дарысын бериш керек, убагында уяларын чоңойтуп, кичирейтип жана өз убакыты менен карап туруу зарыл. Менин Александр Николаевич деген таанышым бар болчу, аны менен бир жыл иштеп, тажырыйба топтогом, ал кишиден он бал челек сатып алгам. Жыл өткөн сайын бал челектер көбөйүп, азыр 25 бал челек бар. Балдын килограммын 300 сомдон сатам. Бир жылда болжолу менен 1 тонна бал топтолот. Бул жумушка аябай чыдамдуу адамдар керек, анткени аарылар чагат, бир чакса оорутат жана шишийт. Аарылардын негизи түрлөрү көп, менин бал челегимде эки түрү бар: алар “Карпатка” жана “Немка”. “Немка” күнүнө 2000 же 2500 тукум чачат, “карпатка” болсо болжолу менен 2000ге чейин эле чачат”, — деп өз жумушу тууралуу бөлүштү ал.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу, Калыс Кылычбеков.