Сокулук районуа караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде интернет кошулган. Интернеттен окуучулар менен мугалимдер өздөрүнө керектүү малыматарды алып пайдалана алышат.
Билим берүү министрлиги аркылуу мектептер интернет булактарына туташтырылган. Жыл башындагы ишке ашкан бул саамалык Жалдагы гимназия мектебинин кызматкерлерин да кубандырган.
Назгүл Жолдошбекова, мугалим:
— Биздин мектепке интернет коюлган. Биздин мугалимдерге да аябай жеңилдик берди. Мисалы мугалимдерге дагы сабак өткөндө дидактикалык, методикалык сабактын пландарын алып жатабыз. Окуучуларга да сабак өтүү учурунда абдан жеңил болуп жатат. Керектүү интернет булактарынан материалдарды алабыз. Интернетти биздин мүдүрүбүз Динара Жолдошбековна алып берди, абдан чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Динара Султаналиева, мектеп директору:
— Билим берүү министрлиги тарабынан мектептерди интернетке киргизүү иш-чарасы боюнча биздин мектеп да интернет түйүнүнө туташырылды. Кийинчирээк информатика мектептин тарбия завучунун, социалдык педагогунун кабинетине да туташтырып алдык. Мен жетекчи катары, бул саамалыкка абдан сүйүндүм, себеби биздин мектепте интернет түйүнү жок эле. Мугалимдер телефон, модем аркылуу же интернет клубга барып ишке керек болгон маалыматтарды алышчу. Өзгөчө информатика кабинети туташылганы окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлдү.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Ууржан Молдокулов