Барскоон айылынын маданият үйүндө «Барскоон city» вокалдык, бий, актёрдук чеберчилик, комуз жана башка жанрлар боюнча ийрим ачылганына эки айдай убакыт болуп калды.
Жетекчи Аманкан Мамбетова бул кружоктун отчёттук концертин 1-майда өткөрдү. Кружокто мектеп окуучулары жана лицей окуучулары катышат. Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси жана кружокту алып баруучу Аманкан Мамбетова кружок тууралуу төмөндөгүдөй маек курду:

«Кружоктун ачылыш себептери айылда таланттар абдан кѳп. Анан балдар турмушунда кийинки сахна чеберлери болуп баардык жерлерде ѳздѳрү кабыл алып ѳздѳрү сүйлѳгѳнгѳ, ырдаганга, бийлегенге болгон таланттарын кѳргѳзгѳнгѳ абдан ыңгайлуу. Ошондуктан мектептин иш чараларында толук булар камтылбай калат экен. Менктепте деле мугалим болчумун, ошону түшүнүп кружок ачып балдар бир жумада эки жолу келет. Экинчи, бешинчи күндѳрү. Окуучулар деле катышат анан биздики бий бар, ыр бар, тамашоуу ойногондор бар, хор ырдагандар бар, ар турдуу курактагы окуучулар эле эмес жаштардан дагы катышат, улуу муундардан дагы катышат. Бары биригип ошо «Барскоон city» деген кружок ачып алганбыз. 1-майда оччеттук консертин бердик калкка».
9-классынын окуучусу Чолпонай Аблакеева кружоктон алган сабактары тууралуу айтып берди:

«Ноябрь айынан баштап ушу «Барскоон city» кружогуна катышып ошондон бери ырдап, бийлеп кѳп чыгармачылык менен алектенип келаткан кезим азыркы учурда. Бийакта агайыбыз менен эжейибиз кѳп нерселерди үйрѳтѳт. Мисалы: жѳнѳкѳй эле нерсе микрафонду кандай кармайт, апаратуралардын аттарын анан драмаларды, сенкаларды аткарып жатканда кандай аткарыш керек, образга кандай кириш керек, ар бир образда кандай эмоцияларды кѳрсѳтүш керек ошолорду үйрѳтѳт жана ошондой эле ырдаганда вакал да болуп кетет».
Э.Кендирбаев атындагы орто мектептин окуучусу Автандил Төлөнов кружокко катышуу кызыктуу экендиги жөнүндө айтып берди:

«Бул кружокко деген ѳзүмдүн негизи мурун эле биз тамашоу коюп маданият үйүн тегеренип эле жүрѳ берчүүбүз. Аманкан эжей ал жакка директор болгондон кийин бизди катышуунун себеби деген биздин талантты элге алып чыгуу деген. Же болбосо атайын вакал үйрѳтпѳйт, бийге атайын үйрѳтпѳйт же инструментте ойногонду үйрѳтпѳйт. Ал жакта ѳзүңдү элге алып чыгуунун үйрѳтѳт. Ѳзүң билген нерсени ырдасаң ырдайсың, комуз чертсең чертесиң дегендей ошону алып чыгып тартынбоого алып келет да. Биринчи отчеттук концертибизди да бергенге жетиштик. Аябай жакшы болду».
Кружоктун катышуучусу Азиза Иманбекова кружок тууралуу биз менен маек курду:

«Мында деген ѳзүңдүн талантыңды сынаш үчүн. Ѳзүңдүн талантыңды элге кѳрсѳтүш үчүн катышасың. бул кружокто мага элдин алдында жѳн эле чыгып ырдай бербестен элге жагыш үчүн ырдаганды үйрѳтѳт. Сахнада кандай туруп ырдаганды үйрѳт. Ѳзүнүн эрежеси болот ошол эрежесинде туруп ырдаш керек».
Бул кружок көптөгөн жаштардын таланттарын өнүктүрүп алып чыгууга чоң көмөк кошууда.
Даярдаган: Нуржан Жаныбекова