Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Бүкөн Жамгырчиева 95 жазын жашап жатат. Бүкөн апа айылдагы эң улгайган адамдарынын бири болуп эсептелет.
Бүкөн апанын эки уул, үч кызы, 17 небереси, 34 чөбөрөсү, 1 кыбырасы бар. Анын кичүү келини Элмира Жамгырчиева:
— Апам менен келин болуп келген кезден бери чогуу жашап, багып келем. Чогуу жашап келгенибизге 32 жыл болду. Апам 1922-жылы ушул айылда туулган. Ошондон бери ушул айылда жашап келе жатат. Апамдын акыл эси тунук, кичине эле карылыкка алдырып койбосо, баарын түшүнүп жакшы кабыл алат.


Бүкөн апа көптү билип, көптү көрүп дээрлик бир кылымга жакын доорду жашап өткөн. Апабызга чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз.
Даярдаган: Азирет Туратбеков