Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да 9-май Улуу Жеңиштин 73-жылдыгы кызуу белгиленип жатат. Майрамдын салтанаттуу бөлүгү Сүлүктү шаардык борбордук стадиондо өтүүдө. Өзгөчөлөнгөн жери «Өлбөс полк»- жүрүшү болуп өтө көп жарандар катышты.

Шаар тургундарын мэр Рахманберди Абдыназаров баш болгон мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардык Кеңештин Депутаттары куттукташты.
Кабарчы: Айзада Эркинова