Түп районуна караштуу Токтоян айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлдү. Буга чейин жөн гана эскерүү кечелери, тарбиялык сааттар өтүп келсе, бул жылы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Токтоян айылынын Коёнкөзов атындагы мектеп окуучулары парадка басышты.
Мектеп окуучулары бул иш чарага жакшы даярданышып жана айылдын ичинде басылган бул жүрүштө алар алты чакырымча жерди басып өтүштү.
Мектеп директору Калык Албанов бул жүрүштүн максаты тууралуу бизге кененирээк айтып берди:
«Негизи дайым Улуу Жеңиш күнүнө карата эскерүүлөр болуп келген, бирок бул жылы мектеп окуучулары үчүн атайын «Өлбөс полк» деген жүрүш уюштурулуп, айылдын бардык негизги көчөлөрүн басып өттүк. Ар бир кийинки муун Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу билип, биз үчүн, келечегибиз үчүн жанын берген ата, агаларыбызды унутпай, алар жөнүндө дайым эстеп, алар менен сыймыктанып жана аларды эскерүүгө тийиш»,-деп билдирди Албанов Калык.
Мектеп окуучусу Сыймык Абдыкайыров өз сөзүндө согуш ардагерлерине терең ыраазычылыгын айтып өттү:
«Өлбөс полк аттуу жүрүшкө бардыгыбыз согушта курман болгон чон ата, агаларыбыздын жана тылда кызмат кылган апаларыбыздын сүрөттөрүн көтөрүп, айылды кыдыра бастык. Бул иш чара аркылуу алардын аты эч качан унутулбайт экендигин даңазаладык. Биз үчүн курман болгон бардык согуш катышуучуларына терең таазим»,-деп Абдыкайыров.
Бардык окуучулар согушта курман болгон аталардын, агалардын жана тылда эмгектенген чон апалардын сүрөттөрүн көтөрүп, патриоттук жана эскерүү ырлардын коштоосунда жүрүштү аякташты.
Дагы бир мектеп окуучусу Максүдов Айтбек эскерүүгө арналган кече тууралуу баяндап берди.
«Биз жүрүштү аяктаган соң эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеде окуучулар согуш тууралуу слайддарды көргөзүшүп, көркөм ырларды окушуп, согуш тууралуу кененирээк маалымат беришти. Ошондой эле бул кечеде Мекенге арналган ырлар, жана улуттук бийлер коштоду»,-дейт мектеп окуучусу.
Токтоян айылынан согушка жүзгө жакын адам катышып, алардын көбү кайтпай калган. Учурда согуш ардагерлери жокко эсе. Бирок алардын аты, жасаган эмгектери эч качан унутулбайт!
Даярдаган: Адилия Мундукова
Мыкты макала сынагына