Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын жаңы имараты бүткөрүлүп, ишке берилди.

Бул тууралуу айыл аймактын жооптуу катчысы Асылкерим Кыдыков билдирди:

“2014-жылы башталган айыл өкмөтүнүн имараты 2018-жылы түрткү берүүчү грантка долбоор өткөрүү менен эки кабат толук имарат толук буткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имараттын ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов мурдагы айыл өкмөт башчылары,мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Имараттын кызыл тасмасын кесишти.

Ачылыш аземине келгендер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү жана келген меймандарга Сары-Булуң аймагынын айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиев жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштер туралуу маалымат берди. Имараттын ачылыш аземине Сары-Булуң айыл аймагынан чыккан таланттуулардын коштоосунда концерттик программа менен коштолду.

Учурда айыл өкмөтүндө 10 кызматкер эмгектенет. Айыл аймакка караштуу 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 ФАП, 1 клуб, 2 китепкана бар”,-деди Кыдыков.
Даярдаган: Азем Маратова