Кыргыз Өкмөтүнүн 22-август 1994-жылдагы №632 токтомунун негизинде ар бир жанга аял эркек дебей бирдей жер үлүшү бөлүнүп берилген. Баары бирдей укукка ээ болгон. Бөлүнгөн жерден атасы кандай жер алса, уулу, кызына да ошондой жер үлүшү бөлүнүп берилген.
Эгерде кыздар, турмушка чыгып кеткен шартта ата-энесине кыздын макулдугу менен алып калууга болот же белек кылып, сатып кетсе укугу бар экенин Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков баса белгилейт.
“Аялдар менен эркектердин укуктары тең. Кыздар эгерде жер үлүшүн сатам десе, бирөөгө белек кылып, же ижарага берем десе да болот. Кандай иштетсе өз эрки, мыйзамда каралган жер мыйзамын бузбаган тартипте сакташ керек”
Айыл тургуну Алтынбү Мааткалыкова кыздар дагы бөлүнүп берилген жер үлүшүн пайдаланып, кош бойлуу болгон учурда документ топтоп, жөлөк пул алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат:
“Жер үлүшүн негизи турмушка чыгып кеткен кыздар пайдаланса болот. Бирок биздин үй-бүлөдө андай пайдаланганга шарттары жок. Анткени алар өздөрү иштешет. Эгерде кыздарым иштебей үйдө отурса, кош бойлуу болгон учурда, бала багуу үчүн өргүүгө же жөлөк пул алганга биздин үй бүлөгө келип, үлүштүн документтерин алып барып, жөлөк пул чектеп алганга болот, мыйзам буга жол берет”.
Коомдо түрдүү чечимдерди кабыл алууда калыптанып калган көз караштар таасирин тийгизет. Маселен, кээ бир ата-энелер, салт боюнча кыздарга жер берилбейт деген жаңылыш пикирлер бар экенин гендердик эксперт Бакен Досалиева билдирди:
“Бул болсо биринчиден салт боюнча менталитетке такап, ата-энелери азыр болсо биз сага сеп берип жатабыз деп үлүш жерин бербейт, мыйзам боюнча бериш керек. Балким материалдык жагынан кыйналып жаткандыктан, үлүш жерин сурашы мүмкүн, кыздар дагы балдарын багыш керек да. Ошол жерин алмашып, кетсе болот, же болбосо сатып, жолдошу барган жеринен, жер сатып алса болот. Бир чети мындай мыйзам бар экенин билишпейт”.
Эгерде кыздар, турмушка чыгып кеткен шартта ата-энесине кыздын макулдугу менен алып калууга болот же белек кылып, сатып кетсе укугу бар.
Анара Мааметова