1994 – жылы айыл чарба жерлери үлүш катары айыл жеринде жашап, колхоз – совхоздордун курамында иштеген Кыргыз жарандарына 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген, бул мөөнөт 1995 – жылы 99 жылга узартылган
Ар бир колхоз, совхоздун жерине жана жашаган калктын санына жараша 0,45 сотыхтан өйдө же андан аз жер тилкелери адамдарга берилген. Уруулаш болуп бөлүнүп, атайын дыйкан чарбаларын түзүшүп, өз ишмердүүлүгүн уланта башташкан.
Жерге болгон менчик укугу деген эмне?
Жер участогуна (үлүшүнө) болгон менчик укугу – бул жер ээсинин мыйзам тааныган, коргогон укугу. Ал жер мыйзамдарындагы чектөөлөрдү эске алуу менен, өзү каалагандай ага ээлик кылат, аны пайдалана жана тескей (сатат, ижарага, рентага, белекке берет, мурастайт жана башка бүтүмдөр) алат.
Демек, үлүшү бар жаран ээлик кылган жер үлүшүн каалагандай пайдалана алат. Көбүн эсе кыздар турмуш курууда башка өрөөнгө кеткенине байланыштуу жер үлүштөрүн ата – энеси же бир туугандары пайдаланып келет. Үлүшкө алган жериңизди кантип пайдаланасыз деген сурообузга Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Нурзада Сааматова төмөндөгүдөй жооп берди.
“Мен Нарын облусуна караштуу Ат – Башы районундагы Кара – Суу айылынан 0,55 сотых жер үлүшүн алгам. Азыр айылда иним пайдаланат. Дыйкан чарба мүчөсү декреттик өргүүгө чыкса болот деген мыйзам бар экенин билип, бир балама декреттик өргүүнүн акчасын алдым. Жерге болгон документтеринин көчүрмөлөрүн социалдык фондко тапшырып, 3500 сом алгам. Жер үлүшүн албай калган иним, сиңдим бар келечекте экөөнүн бирөөсүнө белек кылып жаздарып берсемби деген оюм бар. Мен эч жерде иштебегендиктен үлүш жеримдин эсебинен пенсияга чыгам. 2024 – жылдын январь айында 45 жашка толом. Пенсияга чыгууга документтеримди топтоп жатам. Андан кийин белек кылам деген максатым бар”.
Ал эми пенсияга чыккандан кийин жериңизди кантип пайдаланып жатасыз деген сурообузга Нуршат Жумабекова төмөндөгүдөй жооп берди
“Союз тарап баарыбыз дыйкан чарбага өтүп, ар бир үй – бүлө мүчөсүнө 0,80 сотыхтан жер тийген. Өзүм пенсияга чыккандан кийин жерди келиниме каттатып бердим. Себеби, шаардыктарга жер үлүшү берилген эмес. Иштеген иши болбогондуктан, декретке чыга албайт. Бирок дыйкан чарба мүчөсү болуп иштеп жүрөт. Жок дегенде декретной алсын, пенсияга чыксын деп өз ыктыярым менен белек кылып каттатып бергем. Ошондон кийин декреттик өргүү алып калды.”
Ал эми юристтерге көп учурда жер үлүш боюнча маселе жаралып, талаш тартыш болгон мезгилде гана кайрылышат. Адвокат Айбек Өмүралиевдин айтымында жубайлар өзүнө тиешелүү жер үлүшүн өзү пайдалануу үчүн кайрылышат.
“Кыздар турмуш куруп, же башка жагдайлар менен башка жака кетиши мүмкүн. Жерин туугандары пайдалана беришет. Бизге кайрылганда жерибизди байкебиз же тууганыбыз үлүш жерди пайдаланып жүрөт. Бирок барып өзүбүз алалы десек бербей жатышат деп кайрылышат. Үлүш жерин алып берүү боюнча “үлүшкө болгон менчик укугун” коргоо боюнча деп сотко кайрылабыз. Бул учурда жер ээсине чечилет. Кээ бир учурда үлүштө тургандан кийин баарынын макулдугу керектелет. Макулдугу жок кээ бир жерлер сатылып кеткен учурлар да кездешет. 5 жыл, 10 жыл өткөндөн кийин жерим сатылып кетиптир дегендер да болот. Аларды сотко берип жокко чыгартылат.”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин ишке кириши менен, жер үлүштөрүн Жер кодекси ишке киргенге чейин аныкталган тартипте алган жарандар кандайдыр – бир документтерди толтурбастан, акысыз жана кошумча акы төлөбөстөн, алардын менчик ээси болуп таанылат (”Кыргыз Республикасынын Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы, 6-берене).
Айзат Түмөнбаева