Шарп оорусу туяктуу жаныбарларда кездешүүчү эӊ коркунучтуу, тез тарай турган, курс өтүүчү оорулардын бири. Бул ылаӊ калтыратмага чалдыккан, ооздун былжыр челин, желинди, буттардын терилерин ылжыратып жиберүүчү ылаӊ болуп эсептелет. Шарп оорусу менен кой, эчки, чочко, бодо мал жана жапайы ача туяктуу жаныбарлар ооруйт. Ылаӊдын негизги булагы болуп дарттуу мал эсептелет. Вирус сырткы чөйрөгө көбүнчө заара, сүт, ыйлакчалардын сары суусу менен бөлүнүп чыгып жем, чөп аркылуу башка малдарга тарашына шарт түзөт. Оорунун белгилери эки күндөн жети күнгө чейин созулат. Малдын денет абы 40 градуска чейин көтөрүлүп, тоют жебей калат. Барскоон айылынын жеке мал доктуру Максат Усупбаева, ача туяктуу жаныбарлардын жугуштуу оорусу боюнча төмөнкүлөргө токтоло кетти:

«Эмделбей калган малдан жайылып келет. Бул ача туяктуунун оорусу койго да, уйга да, төөгө да, кайберен бүт эле ооруйт. Эмдөө жолу менен эле жоготуш керек. Желинден, туяктан, тилден кармайт эмеспи жана саан убагында желинден кармаган адамга да жугат. Шилекейлери агып былжыраганда кашаа-кушаларга агып, ошону кармаганда көбүнчөсү адамга жугушу ыктымал. Желинден кармаган шарп уйдун музоосун эмизбеш керек. Аны кол менен саап музоосуна бериш керек, антпесе музоосу да ооруйт. Бул музоодо көп байкалбайт, анткени бир, эки саатын ичинде эле жаш музоо өлүп калат.»
Барскоон айылына караштуу жалпысынан беш мал доктур бар. Алардын бирөөсү айыл өкмөткө караштуу болсо төртөө жеке доктурлар. Бул мал доктурлар жеке эле айыл ичин тейлебестен Сырт, Караколка өрөөндөрүнө ал эмес коӊшу беш айылдын малын да толугу менен дарылап, көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары, айылга малдардын кандарын текшерип туруу үчүн лаборатория ачууга демилге кылышууда. Азыркы учурда ар кандай долбоорлору издештирип жаткандагы туралуу Барскоон айыл өкмөтүнүн статистика боюнча жетектөөчү адис Асель Турсунова айтып өттү:

«Малдардын ар кандай ооруларына биздин айыл өкмөттө айыл жергесинде жакшы иш аракеттер көрүлүүдө. Бул боюнча айыл өкмөттүн ветеринары адиси жана жеке ветеринарлар жакшы иш аракеттерин көрүп жатышат. Биздеги ветеринарлар жакшы иш алып барып жатышат. Алар толук камсыздай алышат. Ветеринардык адисибиз Бакыт Сагындыкович айтып жаткан, лаборатория куруу боюнча айыл өкмөтүбүз ойлонуп договорлор менен иш алып барууга аракет кылуудабыз. Эгерде лаборатория ача турган болсок муниципалдык жер берүүгө да болот.»
Бул жугуштуу ооруларды дарылоо жардамы менен айыктырса болот. Андыктан малды ар дайым дарылатып, кан алдырып туруу керектигин эсибизден чыгарбайлы.
Даярдаган: Эленора Жолдошбекова, Акылбек Ислам уулу