Базар-Коргон районуна караштуу Гүмкана айылынын 10-классынын окуучусу колдо оюнчук машина жасады. Бул жөнүндө Хамдам Гапуржанов менен маек курдук.
Бул машинаны чогултуш үчүн 4 саат убакыт кеткен. Эң эле кызыгы бул машина өзү жүрүп жана жарыктандыргычтары ар кандай түстө жарык берет.
Бул машинаны чогулткан Хамдам Гапуржановдун айтымында,
«Мен бул машинаны өзүм эле эмес иним экөөбүз жасадык. Муну жасаш үчүн 4 саат убакыт кетти. Жөн эле өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн гана жасаганбыз,»-деди Гапуржанов. Машинаны темирден жана оюнчук машиналардын калдыктарынан жасаган. Бул машина көпкө чейин өз алдынча жүрө алат.
Мындай машинаны жасоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.
Даярдаган: Адилет Канат уулу