Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет.
Атактуу оюнчу тууралуу маегибизди сунуштайбыз.
—Саламатсызбы! Өзүнүздү тааныштырып кетсеңиз?
-Мен Султан уулу Кубаныч, Суусамыр өрөөнүнүн кулуну болом. Азыркы убакта 1-Май айылында жашайм.
-Көк бөрү оюнуна кызыгууңуз эмнеден башталды?
-Айылда жүргөндө бала чагымда эле башталган. Аламан улактарды көрүп, ипподромдогу оюндарды коп көрүп, тай казандарга барып жүрүп кызыгуум артып калды.
—Оюнчу болууга ким түрткү берди?
-Буга өзүм эле себепкер болдум го, анткени абдан кызыгып жүрүп эле үйрөнүп ойноп калдым. Ипподромдо ойногон байкелеримди көрүп, анан мен дагы эл алдына чыгып ойносом деп ойлочумун.
-Канча жашыңыздан баштап, эл аралык деңгээлде ойноп калдыңыз?
-19 жашымда, Бишкекте Аккула ат майданында Суусамыр командасынын атынан ойноп, “Эң мыкты оюнчу” деген наамды алгам.
—Көк бөрү оюнчусу сиз үчүн кесиппи?
-Кесип дебейм, муну мен өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн ойнойм, азарт мен үчүн. Биринчи Суусамыр командасында ойноп баштагам андан кийин башка командаларда ойноп калдым.
—Үй- бүлөңүз кандай көз карашта?
-Атам жана апам башында каршы болушкан, бирок кийинчерээк түшүнүп, бул жолду тандаптырсың деп түшүнүп калышты.
—Сиздин оюңузча бул оюндун ден соолукка зыяны жокпу?
-Азырынча зыяны деле жок, балким мен жаш болуп билбей жатамынбы.
—Кайсы мамлекеттерге барып оюн көрсөттүңүздөр?
-2017-жылы Казакстанга Астана шаарына бардык, Экспонун алкагында Эл аралык оюн болду, ошондо ойнодук. Кыргызстан ичинде Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда 3 жолу ойнодук.
—Келечекте пландарыңыз кандай?
-Келечекте пландар көп, аттарды таптап, инилерибизге акыл-насаат айтып, көк бөрү оюнун үйрөтсөм деген оюм бар. Кыргызстандын оюнчулары Аравия өлкөлөрүнө камданып жатышат, ошого даярдыктар жүрүп жатат.
—Социалдык тармактарды колдоносузбу?
-Ооба, инстаграм, вотсапты колдоном. Инстаграмда 2800 катталуучум бар экен.
Маегиңизге рахмат!
Эскерте кетсек, Кубаныч Султан уулу азыр 27 жашта. Быйыл көк бөрү ойногонуна 8 жылдын жүзү болду. Учурда ал Сары Өзөн командасынын оюнчусу.
Даярдаган: Толгонай Самудинова
Сүрөттөр каармандын жеке архивинен алынды