«Жакшы тарбия- улуу адамдарды жаратат»

Перизат Асылбекова психолог адис-

“ Менин жалпы эмгек стажым 25 жыл. Анын ичинен 12 жыл психолог адис болуп эмгектенем. Биринчи кесибим дырагер, экинчи психолог. Дарыгер жана психолог адистиги бири- бири менен тыгыз байланышта, себеби экөө тең адамга жардам берет. Тажрыйбамда кээде кыйынчылыктар кездешет, анткени ар түрдүү кырдаалда калган балдар менен иштейм. Өзгөчө зоордук- зомбулукка кабылган өспүрүмдөргө же ата- энеси жок балдарга жардам көрсөөтүдө чоң күч керек болот. Көйгөйлөргө туш болгон жаш балдардын оор тыгдырын угуп жүрөгүм ооруйт. Башка иш менен алектенсем деген ой кетет. Кесибимди сүйгөнүмдөн кайра “Мен жардам бербесем, ким жардамдашат” деп ишимди улантам. Окуу жайды аяктаганыма карабастан билимимди улантуудамын. Психолог адистикте түрдүү методика керек. Чет мамлекетте, конференцияларда, атайын курстарда ошондой эле Европа жана Америкадан адистерди чакырып тажрыйба алмашабыз. Адамдардын жан дүйнөсүн тарбиялоодо билимиң күчтүү болсо, жардам берүү оңой болот. Эки жума ичинде Р. Мамыралиев атындагы мектеп гимназиясында Динара Жолдошбековнанын чакыруусу боюнча окуучулар, мугалимдер, ата- энелер менен тренинг алып бардык. Тилеке каршы, ата- энелер активдүү катыша алышпады. Кийинки чолугушуубузда, мүмкүн өз балдарынын жаш өзгөчөлүк тарбиясына көңүл буруу менен мамиле кылышат деген ойдомун, себеби ата- эне өз баласын кандай тарбияласа, ошондой мураскерге ээ болот. Ошондуктан ар бир ата- эне өз баласын тарбиялап өстүрүүгө чын дилден көңүл бурушу зарыл бул азыркы учурдун талабы. Динара эжекеге,Анастасия Юрьевнага биз менен бирдикте иш алып баргандарына чоң ырахмат”- деп өз оюн билдирди.
Алыбаева Гульмира тайэне

“ Мен, келген сабактан эң жакшы сезимдер менен кетип баратам. Туура эмес келиптирмин деген ой болгон жок. Кээде жакшы тарбиялап жатабыз деп ойлогонубуз менен кемчилик кетирет экенбиз, ошону билдим. Неберелериме мындан ары жакшы тарбия бергенге дагы- дагы психолог менен иштешип, 1 айда бир жолу келүүгө макулмун. Балдарды эркин коюш керек экендигин, тартынчаак болуп калышсын билдим. Өзүмдүн балдарыма кылган мамилемдеги кемчиликтеримди сездим, кабыл алдым. Ата- энелер көп келсе жакшы болмок. Директор Динара Жолдошбековнага биздин балдарыбыздын келечегине жакшы тарбия берип жардамдашканына чоң ырахмат”- деп айтты
Сыргабаева Жазгүл ата-эне

“Мен, 4-класстагы Алмаз жана Милананын апасымын. Бүгүн мектепте пихолоктор менен жолугушууга келгениме өкүнбөйм, балдарым үчүн келгем ушул сабакты уюштурган мектеп жетекчисине улантуусун сунуш кылам жана абдан ыраазымын. Тарбия берүүгө кенен сабак алдым. Балдарымдын келечегине жакшы апа болоюн деген ойдомун. Ошондуктан, дагы психолог менен жолуксак жакшы болмок, себеби ата-энелер өз балдарыбызга мамиле, тарбия берүүдө азыркы мезгилге карата дагы көп сабак алмакбыз.” – деп айтып кетти.
Даярдаган: Элана Батырбекова
Редактор: Ууржан Молдокулов