Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн маданий кызматкерлери тарабынан 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектептер арасында «Мен Кыргызстандыкмын» аттуу сынак уюштурулду. Сынакка айыл өкмөттөгү таланттуу балдар, кыздар катыша алышты.
«Сынактын максаты мектептер арасында элди-жерди даңктаган патриоттук ырлар аскердик бийлер, мекенди даңктаган көркөм окуу, музыкалык аспаптардын коштоосундагы ырларды аткаруу менен балдарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо»,-деп билдирди айыл өкмөттүн маданий кызматкери Эргешов Талант. Бардыгы болуп жети мектеп катышты. Калыстар тобу айылдын жашоочуларынан дайындалып, калыстыгы менен жыйынтык чыгарып берди. Айыл өкмөтү тарабынан 15000 сом акча бөлүнүп берилди. Патриоттулук ырлар үчүн активдүү катышкан окуучуларга үч алдыңкы орундарга грамота жана акчалай сыйлыктар берилди. Көркөм окуу боюнча үч алдынкы орундарга сыйлыктар берилди. Бий жана музыкалык аспапта мыкты ойногон окуучуларды да чыгармачылыгына карата сыйланды. Маданий иш-чараларга айыл өкмөт башчысы Мадимаров Нуридин көңүл бөлүп, акча карап бергендигине мектеп жетекчилери жана окуучулар терең ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру