Абдылда Аралбаев орто мектебинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 6- классында ачык конкурс сабак өтүлдү. Сабакка аталар окуучулар менен биргеликте катышышты.
Атайын түзүлгөн программанын негизинде конкурска 10 окуучу жана беш ата катышты.
Программада кол күрөш, таамай ат (чүкө оюну), макал – лакап,табышмак жана жигитке 70 өнөр аздык кылат тапшырмалары берилген. Ар бир топ атайын өздөрүнө ат коюшту. “Шумкар” жана “Эр жигит” деп атап алышкандан кийин конкурс сабак өтө кызыктуу башталды.
Конкурс учурунда атайын кызыктуу оюндар ойнотулуп жатты. Баарынан кызыгы атайын 2 кыздын чачын аталардын өрүшү болду.
Бул оюндун аталышышы “Кыздарга кам көрүү” эле.

Дагы бир кызыктуу оюнда аталар балдары менен биргеликте буламык жасашышты.
Конкурс сабактын максатын сураганыбызда класс жетекчиси Айзат Түмөнбаева буларга токтолду.
Программаны атайын жыйналышта ата-энелер менен биргеликте түзгөнбүз. Сабактын эң биринчи максаты ата – энелерди мектепке тартуу. Жыйналышка жана концертке гана чакырбастан атайын конкурстарга катыштыруу болду. Бул класс аралык жана ата – энелер менен биргеликте биринчи конкурсту өткөрдүк. Менимче абдан кызыктуу болот экен. Башында окуучулар эле таймашса биз үстүртөн эле көзөмөлдөйбүз деп турган аталар 2-тапшырмада эле билектерин түрүшүп, тобу үчүн аябай аракеттерин жасашты.
Конкурс сабак аябай кызыктуу өттү. Жыйынтыгында “Шумкар” тобу 3 упай менен алдыга озунуп чыкты.
Бул күнү ата – энелер, окуучулар жана көрүүчүлөр үчүн да абдан кызыктуу күн болду.
Даярдаган: Даткайым Орозакунова